• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

25нен 30-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.09.18. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 25нен 30-сентябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 25-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

25-сентябрда күндүз, 26-сентябрда жана 27-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 27-сентябрда күндүз тоолуу районунда жаан-чачын жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

28-сентябрда кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 29-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

30-сентябрда жана 1-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы бир аз жогорулайт.

Талас, Лейлек,Базар-Коргон райондорунун токойлорунда өрттүн жогору коркунучу бар,калган аймактардын токойлорунда өрттүн коркунучу жок.

Пикир

Оставить комментарий