• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

5-январга карата аба ырайы: кар жаап, туман түшөт

Коом 0

Бишкек, 04.01.18 /Кабар/. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 5-январда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с жетет.

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3, Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3, Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -9…-14.

Бишкек менен Ошто мезгил-мезгили менен кар жаап, туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Пикир

Оставить комментарий