• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын 7 калкты тейлөө борборунда пилоттук долбоор ишке ашырылууда

Коом 0

Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлиги үстүбүздөгү жылы 17-апрелден 1-октябрга чейин өлкөнүн жети Калкты тейлөө борборунда “фронт-офис” жана “бэк-офис” принцибинде иш алып барган пилоттук долбоорду ишке ашырууда.

Ведомстводон билдиришкендей, пилоттук долбоор жүрүп жаткан КТБлар төмөнкүлөр:

  • КТБ-2 Бишкек шаары (Свердлов району жана Чүй облусунун Аламүдүн району);
  • Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы КТБ;
  • Ош шаарындагы КТБ;
  • Баткен облусунун Баткен шаарындагы КТБ;
  • Чүй облусунун Шопоков шаарындагы КТБ;
  • Нарын облусунун Кочкор районундагы КТБ;
  • Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы КТБ.

"Пилоттук долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн аталган КТБларга кошумча операторлор тартылды. Пилот маалында Калкты тейлөө борборунун операторлору ЖААК багыты боюнча КР жарандыгына кирүү же жарандыгынан чыгуу, жашаган дареги боюнча каттоо, чет элдик жарандарды каттоо, жашап турууга уруксатты тариздөө жана маалым каттарды берүү боюнча тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болушат", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Калкты тейлөө борборунун операторлору ченелген гана кызмат көрсөтүүлөр боюнча документтерди кабыл алышчу. Ал эми ЖААК багыты, жарандыкты каттоо, даректи каттоо жана чет элдик жарандарды каттоо боюнча документтерди операторлор кабыл алышчу эмес.

Пилот арыз берүүчү жаран менен каттоо жана документтерди толтурууда чечим чыгаруучу кызматкердин ортосундагы байланышты жоюга, ошондой эле, бардык кызмат көрсөтүүлөр боюнча документтерди кабыл алган операторлордун санынын көбөйүшүн натыйжасында Калкты тейлөө борборлорундагы кезектерди азайтууга багытталган.

Пилотту жүзөгө ашыруунун алдында “фронт-офис” жана “бэк-офис” функцияларына бөлүнгөн принцип колдонулган улуттук паспортторду алууга (алмаштырууга) документтерди толтуруудагы тажрыйба эске алынды.

Улуттук паспортту алуудагы (алмаштыруудагы) документтерди толтурууга кеткен оператордун кызмат көрсөтүүсүнүн орточо убактысы 6 мүнөттү түзөт. “Фронт-офис” жана “бэк-офис” принцибин колдонууга өтүү менен паспорт алуу үчүн (алмаштыруу үчүн) документтерди толтуруу маалында кыйла жеңилдиктер байкалууда.

“Фронт-офис” жана “бэк-офис” форматынын негизги өзгөчөлүгү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу, документтерди кабыл алууда жана чечим чыгарууда кошумча көзөмөл жүргүзүү, коррупциялык тобокелдиктерди жоюу жана кезек күтүүгө кеткен убакыттарды азайтуу болуп саналат.

Белгилей кетчү жагдай, алгачкы ирет пилоттун ишмердүүлүктөгү өзгөрүүлөр көп учурларда бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Калкты тейлөө борборунун операторлору менен чечим чыгара турган кызматкерлердин ортосундагы эриш-аркак иш жүргүзүүдөгү ыкчамдуулукту жана эффективдүүлүктү камсыздоо үчүн албетте убакытты талап кылат, муну менен бирге жарандарды тейлөөдө кайсы бир деңгээлде жөндөмдөр талап кылынат, себеби каттоодогу кээ бир кызмат көрсөтүүлөр айрым учурларда тиешелүү бир өзгөчолүктөрдү камтыйт.

Тиешелүү деңгээлде кызмат көрсөтүлбөй калган учурларда жана кызмат алуудагы жаралган көйгөйлөр боюнча маалыматтарды жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга багытталган жарандардын бардык сунуштарын эске алабыз. Бардык суроолор боюнча министрликтин 119 номуру боюнча Колл-борборго чалып, кайрылсаңыздар болот (чалуу бардык байланыш операторлору боюнча акысыз).

Пикир

Оставить комментарий