• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

9-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 08.05.18. /Кабар/. Эртең, 9-майда өлкө аймагында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 23...28;

Талас облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 21...26;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30;

Баткен облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 26...31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20;

Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 16...21 градус ысык болот.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында эртең күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 11...13, күндүз 27...29 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий