• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

АӨБ Кыргызстанда жер көчкү коркунучун азайтуу боюнча 35 млн доллардык долбоорду жактырды

Экономика 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) өнүккөн технологияларды жана алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды киргизүү менен Кыргыз Республикасында жер көчкү коркунучун азайтууга жардам берүү үчүн 35 миллион долларлык каржылоо пакетин бекитти.

Азия өнүктүрүү банкынан билдиришкендей, пакет 23,5 миллион долларлык гранттан жана 11,5 миллион долларлык насыядан турат.

Аталган долбоор жер көчкүнүн кесепеттерин азайтуу, мониторинг тутумун өркүндөтүү жана жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу мүмкүнчүлүгүн күчөтүү аркылуу адамдарга жана инфраструктурага болгон жер көчкү коркунучун азайтат.

“Бул АӨБдүн кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана жер көчкүнүн алдын алуу боюнча биринчи комплекстүү долбоору. Бул инженердик, технологиялык жана табигый чечимдерди коомдук негизинде пландаштыруу жана жер көчкүнүн туруктуу коопсуздугу үчүн потенциалды арттыруу менен айкалыштырат”, - деди АӨБнын климаттын өзгөрүүсү боюнча улук адиси Натан Риве.

Кардын эришинен, түбөлүк тоңдун эришинен жана жаан-чачындын күчөшүнөн улам, климаттын өзгөрүшү менен жер көчкүнүн жыштыгы көбөйүшү күтүлүп жаткандыгын эске алганда, бул долбоор айыл жергесинин тургундарын коргоо үчүн өтө маанилүү болот.

"Кыргыз Республикасы, айрыкча Жалал-Абад жана Ош облустарынын түштүк аймактары, жаан-чачындын мүнөзүнө, геологиясына, топурактын катмарына жана жогору сейсмикалык активдүүлүгүнө байланыштуу жер көчкүлөргө тез-тез кабылат. 550 калктуу конуштагы болжол менен 30 миң адам жер көчкү коркунучу алдында турат",-деп айтылат маалыматта.

АӨБдүн колдоосу калктын жер көчкүнүн алдында калышын азайтууга жардам берет, мисалы, минералды камтыган тектердеги ашыкча жүктөрдү түшүрүү, дөңсөөлөрдү же жарака кеткен жерлерди өзгөртүү, жер астындагы жана жер үстүндөгү сууларды буруу. Жашылдандыруу, жыгач тирөөчтөр жана дренаждык курулмаларды камтыган табигый чечимдер ишке ашырылат.

Долбоордун алкагында спутниктик радар технологиясын колдонуп, жеринде мониторинг жүргүзүү жана улуттук мониторингди айкалыштырган жер көчкүнүн байкоо тутуму түзүлөт, үстүнкү катмардын жылуусун жана тоо боорлордун тарыхый кыймылдарын талдоо үчүн сыналат.

Долбоор келечекте жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн гендердик маселелерге сезимтал жер көчкү коркунучун башкаруу боюнча жол картасын иштеп чыгат. Бул жер көчкүнүн коркунучун баалоо, алардын кесепеттерин азайтуу жана көчүрүү боюнча мамлекеттик жана коомдук кызыкдар тараптар үчүн потенциалды жогорулатуу менен коштолот.

АӨБ Азия-Тынч океан аймактарынын гүлдөп-өнүгүүсүнө, инклюзивдүүлүккө, жандуулукка жана туруктуулукка жетишүүгө умтулат, ошол эле учурда өтө жакырчылыкты жоюу боюнча аракеттерин колдойт. Ал 1966-жылы негизделген, 68 мүчөлөргө таандык, 49у ушул аймакта жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий