• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Москвадагы мушташ. Консулдук кызматкерлер кармалган кыргызстандыктар менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы Москва шаарынын «Кузьминки» метросунун станциясында болуп өткөн окуя боюнча кошумча маалымат таратты.

Россиядагы элчиликтен билдиришкендей, элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргызстандын кармалган жарандары менен жолугушту. Анын жүрүшүндө жарандарга консультативдик-укуктук жардам көрсөтүлдү.

Ошол эле мезгилде Россиянын ИИМнин жана ТИМнин өкүлдөрү менен аталган жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ошондой эле элчилик тарабынан Россия Федерациясынын компетенттүү органдарына тийиштүү суроо-талаптар жиберилди.

Аталган маселе элчиликтин көзөмөлүндө турат.

Белгилей кетсек, 13-июлда ЖМКларда «Кузьминки» метросунун жанында Москвадагы кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыккандыгы айтылган. ЖМКлардын маалыматына караганда, мушташ болжол менен Кыргызстан жана Тажикстандан келген эмгек мигранттарынын ортосунда чыккан. Андан соң Кыргызстандын 72 жараны кармалган.

Пикир

Оставить комментарий