• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйынтык кеңешмеси өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Координациялык кеңештин 2022-жылга жылдык отчету, ошондой эле адам укуктарын сактоонун актуалдуу маселелери каралды.

Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин мүчөлөрү үстүбүздөгү жылдын отчетун эске алып, Координациялык кеңештин 2023-жылга иш планын бекитти. Иш планда 16 иш-чара камтылган.

Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий