• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Айпери Медет кызы Poland Open эл аралык мелдешинде коло үчүн күрөшөт

Спорт 0

Бишкек, 10.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Польшада өтүп жаткан күрөш боюнча Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open мелдешинде коло медаль үчүн күрөшөт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн расмий сайтында айтылат.

Мелдеш 8-13-июнь күндөрү Варшава шаарында өтүүдө.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта алгач польшалык, анан египеттик спортчуга мүмкүнчүлүк бербестен жеңип, жарым финалга чыкты.

Жарым финалда эстониялык Эпп Мяэге 1:3 эсебинде утулуп калган. Бирок буга чейинки жеңиштеринен улам кыргызстандык спортчу коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Үчүнчү орун үчүн мекендешибиз россиялык Наталья Воробьева менен килем үстүнө чыгат.

Ошондой эле аталган мелдешке катышып жаткан Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алтын медаль үчүн кармашат.

Эскерте кетсек, эки спортчу тең 2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Пикир

Оставить комментарий