• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ала-Арча-3 суу сактагычынан 37 жаштагы адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 09.01.23. /Кабар/. Чүйдүн Аламүдүн районундагы Ала-Арча-3 суу сактагычына 37 жаштагы А.Ш. аттуу эркек киши түшүп кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жерине 13 куткаруучу тартылып, издөө иш-чараларын негизинде жогоруда аталган жарандын сөөгүн табышкан. Сөөк милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий