• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ала-Арча суу сактагычына чөгүп кеткен кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 31.05.19. /Кабар/. Ала-Арча суу сактагычына чөгүп кеткен кишинин сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, күн мурун болжол менен саат 14:21де аталган суу сактагычка бир адам чөгүп кеткендиги тууралуу "112" кызматына билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге келген куткаруучулар 1984-жылкы А.Р., аттуу кишинин сөөгүн суудан таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий