• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аламүдүн районунда дайынсыз жоголгон 69 жаштагы Садык Дуулатов изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда дайынсыз жоголгон 69 жаштагы Садык Дуулатов изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Садык Дуулатов 2021-жылдын 31-декабрында Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан Ак-Жар конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: 155-160 см, арык дене түзүлүштө, чачы кыска агы бар, көзү кара.

Өзгөчө өзгөчөлүктөрү: альцгеймер оорусу менен ооруйт.

Садык Дуулатовду көргөндөр болсо милицияга кабарлап койсоңуздар болот: 0 (312) 36-35-27, 0550) 34-33-63, 0 (504) 77- 22-77.

Пикир

Оставить комментарий