• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Аламүдүн районунда денеге оор залал келтирүүгө шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. Аламүдүн районунда денеге оор залал келтирүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 25-декабрда Аламүдүн райондук милициясына ооруканалардын биринен телефон чалуу болуп, Аламүдүн районунун Кырман айылынын 24 жаштагы жашоочусу У.К. бычактан алган жаракатынан улам жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты Аламүдүн РИИБи тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") боюнча катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 25 жаштагы Ж.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Окуянын келип чыгуу себептери териштирилүүдө.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий