• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аламүдүн суусуна жеңил унаа түшүп кетип, айдоочусу жабыркады

Кырсык 0


Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. Аламүдүн суусуна Mitsubishi унаасы түшүп кетип, айдоочусу жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Осмонкулов жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде Mitsubishi унаасы сайга түшүп кеткен.

Жерине беш куткаруучу тартылган. Бирок куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган адам тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий