• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Алматы ооруканасынын башчысы медиктер жапырт вирус жуктуруп алгандан кийин кызматтан кетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Алматы шаардык борбордук клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Алмаз Жувашев өз каалоосу менен кызматтан кетти.

«Жетекчи жумуштан бошоду, ал иштеген жерде дээрлик 200дөй кызматкер ооруп жатат. Ал кемчилигин сезип, өз каалоосу менен кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазды», - деди Алматы шаардык ден соолукту сактоо башкармалыгынын башчысы Тлеухан Абилдаев.

Буга чейин Алматыдагы шаардык клиника карантинге жабылганы белгилүү болгон. Карантиндеги ондогон дарыгерлер директор жумуштан бошогондон кийин аны кайра ордуна алып келүү талабы менен бийликке видеокайрылуу жолдошту.

Расмий маалыматтарга караганда, ооруканада 182 кызматкер коронавирус жуктуруп алган.

Пикир

Оставить комментарий