• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

"Апаң менен чогуу жашайсың!" Баткенде пикир келишпестиктен улам иниси агасын өлтүрүп алган

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 12-сентябрында Баткен райондук милиция бөлүмүнө Кыштут айылынын 63 жаштагы тургуну өз үйүндө белгисиз себептерден улам каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге милициянын ыкчам-тергөө тобу барган. Каза болгон жаран ошол айылдын 63 жаштагы тургуну экендигин, ошондой эле маркум бир тууган инисинин урган жараатынан улам каза болгондугун аныкташкан.

"63 жаштагы маркум Кыштут айылында 81 жаштагы өзүнүн апасы менен бир үйдө жашагандыктан анын бир тууган 46 жаштагы иниси “Сен улгайып калсаң да апаң менен чогуу жашайсың” деген сөздөр менен тилдеп, бир нече жолу уруп-тээп, мойнунан муунтуп салган. Алган жараатынан улам 63 жаштагы жаран ошол эле түнү окуя болгон жерде каза болгон", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кармалган 46 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий