• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Аргасыз өргүүгө чыккан медицина кызматкерлерине акча төлөнүшү керек – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 15.03.20./Кабар/. Аргасыз өргүүгө чыккан медицина кызматкерлерине акча төлөнүшү керек. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, башкы дарыгердин чечими менен өргүүгө чыгып, үйдө отурууга мажбур болгон медицина кызматкерлерине акча төлөнүп берилиши керек.

"Ал жакта өзүнүн механизмдери бар жана ар бир жетекчи өзүнүн деңгээлинде ал маселени чечиши керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий