• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Арзыбек Кожошев: Биз Корея менен бардык багыттар боюнча кызматташууну бекемдөөгө кызыктарбыз

Өкмөт 0

Бишкек, 27.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Түштүк Кореянын президентине караштуу Түндүк багытындагы экономикалык кызматташтык комитетинин төрагасы Пак Чон Су менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда экономика, инвестиция, туризм, билим берүү жана илим, айыл чарба, мамлекеттик башкаруу, санариптештирүү жана гидроэнергетика тармактарындагы кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Корея Республикасынын бул багыттар боюнча тажрыйбасы Кыргыз Республикасы үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.

«Биз Корея Республикасы менен бардык тармактарда, өзгөчө соода-экономикалык чөйрөдө кызматташууну бекемдөөгө кызыктарбыз. Жакынкы арада эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсү үчүн аянтча түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарыл. Бул алардын байланышын гана чыңдабастан, жаңы биргелешкен жана өз ара пайдалуу долбоорлорго көпүрө болуп берет», - деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Өз кезегинде Пак Чон Су эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин белгилеп, Кыргыз Республикасы кореялык инвесторлор үчүн чоң кызыгууну жаратып жаткандыгын кошумчалады.

«Кыргыз Республикасы бизди аппак кар менен тосуп алды, бул биз үчүн жакшы жышаан деп эсептелет. Бул алдыда биздин элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн жемиштүү кызматташтык бар экендигин билдирет», - деп айтты Комитеттин төрагасы.

Мындан тышкары, тараптардын ортосунда мамлекеттик кызматкерлерди окутуу боюнча биргелешкен долбоорлор аркылуу кадрларды даярдоо, ата мекендик айыл чарба продукцияларын Корея Республикасына экспорттоо үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле эки тарапты кызыктырган бир катар маселелер боюнча кеңири пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий