• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Шайлоо-2021. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардыктарга кайрылуу жасады

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 27.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун алдында шаардыктарга кайрылуу жасады.

Шаар башчысынын карйылуусунда төмөндөгүдөй айтылат:

“Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары!

Урматтуу шайлоочулар!

Алдыда өлкөнүн өнүгүүсү, келечеги үчүн КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо өткөрүлгөнү турат.

Өлкө башчысы, КР презденти Садыр Нургожоевичтин тапшырмасынын, демилгесинин негизинде шайлоону ачык-айкын өткөрүү үчүн көп иштерди өткөрдүк.

Беш кол тең эмес дегендей, ар кандай бузуулар болду. Биз бардык бузууларга тиешелүү чараларды көрдүк.

Урматтуу шайлоочулар! Шайлоого активдүү катышууга жана тандаган талапкериңизди шайлоого чакырам”.

Пикир

Оставить комментарий