• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Астраханда айдоочу аял кыргыз жаранын сүзүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 15.09.17 /Кабар/. Россиянын Астрахань шаарында “Honda HR-V” үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жаткан аял кыргыз жаранын коюп кеткен.

Астрахань облусунун укук коргоо кызматкерлеринин берген маалыматы боюнча, жол кырсыгы 14-сентябрда Совет районундагы биринчи Котель көчөсүндө катталган.

28-жаштагы Астрахандын тургуну унаасын башкарып бара жатып туура эмес жерден жолду кесип өтүп бара жаткан 52 жаштагы кыргыз аялды коюп кеткен.

Натыйжада кыргызстандык аял жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Учурда жол кырсыгы боюнча административдик иликтөө башталды.

Эске сала кетсек, 4-августта Астраханда 19-жаштагы кыргыз жараны жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн үч жаш баланы коюп кеткен, 5 жаштагы кыз кырсык болгон жерден көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий