• 88.68
  • 95
  • 0.95

Атамбаев жана Путин Пекинде кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты

Президент 0

Пекин, 14-май /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстан жана Россиянын Президенттери Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин Пекинде өтүп жаткан “Бир алкак – бир жол” эл аралык форумунун кулуарларында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Эскерте кетсек, бүгүн А.Атамбаев Пекинде “Бир алкак – бир жол” эл аралык форумуна катышты.

16-майда Алмазбек Атамбаевдин КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусу болот.

Пикир

Оставить комментарий