• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Автобус кырсыгынан каза болгон өзбекстандыктардын туугандары 150 миллион теңге кун талап кылышууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.10.18. /Кабар/. Актөбө шаарында 52 Өзбекстан жаранынын өлүмүнө алып келген автобус кырсыгы боюнча сот иши уланууда.

Сот жараянынын катышуучулары моралдык зыян иретинде өлгөн ар бир киши үчүн 150 миллион теңге (412 миң доллар) кун берүүнү сурашты. Алардын жарымы компенсациядан тышкары айыпталуучулардын оор жазага тартылышын талап кылууда.

Бул иш боюнча беш киши айыпталууда. Алар авобустун үч айдоочусу жана «Азия транзит сервис» фирмасынын эки өкүлү — негиздөөчүсү жана механиги. Автобус айдоочулары Нуржан Кыргызбаев, Максат Пернебеков жана Барат Танатов 26-январдан бери Актөбөдөгү тергөө абагында отурушат. Компаниянын жетекчиси менен механиги белгилүү бир аймактан чыкпоо тилкатынын негизинде бошотулган. Автобустун ээсине болсо эл аралык издөө жарыяланган.

Компаниянын негиздөөчүсү бузук транспорт каражатын пайдаланууга жол берген жана жалган документ жасаган деп айыпталууда. Мехиник бузук автобусту каттамга чыгарууга күнөөлөнүп жатат.

Өзбекстан жарандары бараткан автобус 18-январь эртең менен Актөбө облусундагы Иргиз трассасында өрттөнүп кеткен. Анда 52 киши мерт болуп, 5 киши аман калган. Расмий версия боюнча өрт автобустун салонун каңдагыч лампа менен жылытуу учурунда чыккан.

Пикир

Оставить комментарий