• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Азербайжандын президенти Кыргызстан элин жана Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.08.20. /Кабар/. Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Жеке өзүмдүн жана Азербайжан элинин атынан Сизди жана элиңизди Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы болгон Көз карандысыздык күнү менен куттуктайм. Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы салтка айланып калган достук мамилелер менен кызматташтык биздин эки элдин кызыкчылыгы үчүн мындан ары да өнүгүп, кеңейишине ишенем.

Адамзат COVID-19 пандемиясы менен күрөшүп жаткан чакта Азербайжан эли боордош Кыргызстан менен тилектеш экендигин белгилеп кетким келет», — деп айтылат Азербайжан Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Ильхам Алиев Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, иштерине ийгилик, ал эми Кыргызстанга тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Пикир

Оставить комментарий