• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу берүү токтотулат

Коом 0

Бишкек, 20.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаарынын айрым райондоруна таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 9.00дөн 20.00гө чейин Ахунбаева-Айни-Жунусалиев көчөлөрү - Ч.Айтматов проспектисинде суу берүү убактылуу токтотулат.

Муздак суу Шота-Руставели көчөсү №48 дареги боюнча өрт гидранттарын алмаштыруу жана кум каптоочуну орнотуу иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Төмөнкү уюмдар суусуз калат:

- Целинная көчөсү №16 дарегиндеги №47 орто мектеп;
- Ш.Руставели көчөсү №95 дарегиндеги №2 ҮМБ;
- Ахунбаев №187 дарегиндеги «Демир Банк» ЖАК;
- Ахунбаев көчөсү №187 дарегиндеги "Экспресс плюс" лабораториясы;
- Ахунбаев көчясү №187 дарегиндеги "Aqua Lab" лабораториясы;
- Ахунбаев көчөсү №182көчөдө дарегиндеги "Плаза клиникасы" медициналык борбору;
- Ахунбаев көчөсү №187 дарегиндеги "Монро" сулуулук салону;
- Ахунбаев көчөсү №189 дарегиндеги «Эрке айым» сулуулук салону;
- Шота-Руставели көчөсү №101 дарегиндеги "Гемотест" лабораториясы;
- Шота-Руставели көчөсү №101дарегиндеги "Сапат лаб" лабораториясы.
- Шота-Руставели көчөсү №101 А дарегиндеги "Viva" сулуулук салону;
- Ахунбаев көчөсү №48/1 дарегиндеги «Чан Ан» микрофинансылык компаниясы;
- №49 Ч.Айтматов проспектисинин боюндагы «Магнат» лабораториясы;
- Ч.Айтматов проспектиси №47А дарегиндеги «Манас» кинотеатры;
- Ч.Айтматов проспектиси №43 дарегиндеги «Эрма Дент» стоматологиясы;
- шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы;
- Целинная көчөсү №19 дарегиндеги тез жардам (№2 көмөкчордон);
- Ч.Айтматов проспектиси №41 дарегиндеги "Триовитал" стоматологиясы;
- Ч.Айтматов проспектиси №41 дарегиндеги «Инвитро» лабораториясы.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий