• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЕККУ Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 18 компьютер белек кылды

Коом 0

Бишкек, 20.09.22. /Кабар/. Кечээ, 19-сентябрда өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов баш болгон министрликтин өкүлдөрү Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесинин өкүлдөрү менен жолукту.

ӨКМден билдиргендей, жолугушууда ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси тарабынан Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу баалоо жүргүзүү иштерине колдонуу максатында ӨКМге атайын компьютердик техникалар белекке берилди.

Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов техникалар эң керектүү учурда тапшырылганын белигилеп, компьютерлер Баткен облусундагы орун алып жаткан кырдаалды жөнгө салууга өз салымын кошорун билдирди.

Ал эми ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов учурдагы кырдаалда тынчтык орнотуу үчүн аз да болсо салып кошулуп жатканына кубанычта экенин айтты.

ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жалпы 18 даана акыркы үлгүдөгү компьютер жана 1 принтер тапшырылды.

Мындан тышкары, тараптар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий