• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Байкоңурдагы орус мектептеринде казак тили окутула баштайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.12.21./Кабар/. Казакстандын Байкоңур шаарындагы орус мектептеринде алгачкы ирет казак тили менен адабияты окутула баштайт. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги Кызылордо облусунун акими Гүлшара Абдыкаликовага шилтеме берүү менен билдирди.

Облус жетекчисинин айтымында, өкмөттүк комиссиянын чечими чыкты. Бул маселе боюнча Москва менен Нур-Султандын ортосундагы сүйлөшүүлөр 2019-жылдан бери жүргүзүлүп келген.

Абдыкаликова казак тили, адабияты жана тарыхы шаардагы бардык мектептерде окутула баштай турганын белгиледи. Аймак башчысы администрация мектептерди керектүү китептер жана адискөй мугалимдер менен камсыздоого аракет кыла турганын кошумчалады.

Москва Байкоңурду Казакстандан 2050-жылга чейин ижарага алган. Бул убакыт аралыгында Байкоңур федералдык маанидеги Орусиянын шаары болуп эсептелет. 2015-жылга чейин калаадагы бардык мектептер Орусиянын билим берүү стандарттары боюнча орус тилинде билим берип келген. Кийинчерээк Казакстандын билим стандарты колдонула баштады.

Шаар тургундарынын 70 пайызы – казак. Жергиликтүү жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн Бирдиктүү улуттук тесттен өтүү керек. Буга чейин казак тили, адабияты жана Казакстан тарыхы орус мектептеринде факультативдик сабак катары өткөрүлүп келген.

Пикир

Оставить комментарий