• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бакуда ТТМККнын VII саммити старт алды

Саясат 0

Баку, 15.10.19. /Кабар/. Баку шаарына (Азербайжан) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) VII жыйыны старт алды.

Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев, Түркия башчысы Режеп Тайип Эрдоган, ошондой эле Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин баш катчысы Багдад Амреев катышууда.

ТТМККнын кезектеги жыйынында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу мамилелердин, анын ичинде маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык кызматташтыктын өнүгүү маселелери талкууланат.

Эске салсак, ТТМККда төрагалык кылуу Кыргызстандан Азербайжанга өтөт.

Пикир

Оставить комментарий