• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Балык чарба департаментине заманбап компьютердик жабдуулар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 22.08.23. /Кабар/. Балык чарба департаментине заманбап компьютердик жабдуулар тапшырылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, заманбап жабдуулар Кыргызстандын аквамаданиятын өнүктүрүү, балык чарба секторунун бирдиктүү маалыматтык санарип жана графикалык базасын түзүү үчүн колдонулат

Белгиленгендей, техникалык жабдуулар БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан "Борбордук Азияда, Азербайжанда жана Түркияда балык уулоону жана аквакультураны туруктуу башкаруунун потенциалын түзүү" долбоорунун алкагында берилди.

Бүгүнкү күндө берилген санариптик жабдуулар республиканын аймагында жайгашкан көлмөлөрдүн геомаалыматтык тутумун изилдөө үчүн уникалдуу комплекс болуп саналат.

Алынган жабдуулардын аркасында балык чарба департаментинин Геопорталы балык чарбаларынын жана көлмөлөрдүн саны жөнүндө актуалдуу санариптик маалыматтар менен жаңыртылат. Бул маалымат мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, потенциалдуу инвесторлорго, ошондой эле юридикалык жана жеке жактарга, мисалы, мамлекеттик балык чарба кызматтарын санарип форматта алуу үчүн жеткиликтүү жана пайдалуу болот.

Пикир

Оставить комментарий