• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Балыкчыда турак үйдөн өрт чыгып, карыя каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында көп кабаттуу турак үйдүн батиринде жумшак керебет жана журкан төшөк күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өрттүн кесепетинен 76 жаштагы карыя түтүнгө ууланып каза болгон. Тилсиз жоонун келип чыгуу себеби такталууда.

ӨКМден билдиришкендей, акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган

Пикир

Оставить комментарий