• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Балыкчыда өзгөчө балдарга коррекциялык жардам көрсөтүү борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 23.01.24. /Кабар/. Кечээ, 22-январда Балыкчыда өзгөчө балдарга "Алгачкы кадамдар" коррекциялык жардам көрсөтүү борбору ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев жана эмгек министринин орун басары Улан Чаначев катышты.

Бул борбор балдардын сүйлөөсүн, жүрүм-турумун жана психологиялык абалын жакшыртуу, коомго социалдашуусуна багытталган.

"Алгачкы кадамдар" аталышындагы борбор "Сантерра север" даун синдрому бар балдардын ата-энелеринин коомдук фондунун алдында ишке кирди. Борбордо психолог, логопед, дефектолог адистери тарабынан АВА терапия, сенсордук интеграция, АФК боюнча жардам көрсөтүлөт.

Өзгөчө балдарга кам көрүүчү борбордо демөөрчүлөрдүн көмөгү менен оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлүп, керектүү жабдуулар алынып, бардык шарттар түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий