• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Башкы консул Бийбосунов Екатеринбургда туристтик конференцияга катышты

Коом 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 21-февралда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Руслан Бийбосунов Россиянын Туризм индустриялык союзунун Урал бѳлүмү – Урал туризм ассоциациясы тарабынан уюштурулган «Урал туризм ассоциациясы – КМШ» конференциясына катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, конференция Россия мамлекеттик кесиптик педагогикалык университетинин технопаркынын аянтында болуп ѳттү.

Форумга туроператордук компанияларынын жетекчилери, Борбордук Азия мамлекеттеринин консулдук мекемелеринин башчылары, аймактык бийлик органдарынын, жогорку окуу жайларынын, авиация тармагынын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты. Форумду Урал туризм ассоциациясынын президенти Михаил Мальцев алып барды.

Конференциянын катышуучулары Урал аймагында жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө туризм жаатын өнүктүрүү, туризм тармагындагы аймактар ​​аралык кызматташуу, ошондой эле келерки жылы Екатеринбург шаарынын 300 жылдыгынын маарекесин белгилөө маселелерин талкуулашты. Урал федералдык университетинин биринчи проректору Дмитрий Бугров Екатеринбург шаарында өтө турган Универсиада-2023кө даярдыктар тууралуу маалымат берди. Россия мамлекеттик кесиптик жана педагогикалык университетинин Ректорунун милдетин аткаруучу Валерий Дубицкий ЖОЖдор аралык кызматташуу маселелерине токтолду.

Р.Бийбосунов ѳзүнүн сөзүндө туризм тармагын жана Урал регионунун тургундарын Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык мекемелеринде эс алуусун уюштуруу жаатында кызматташууну активдештирүүнү сунуштады, ошондой эле Кыргызстанга маалыматтык сапар уюштуруу жѳнүндѳ билдирди.

Башкы консулдук Ысык-Көлдүн курорттук-санаториялык мекемелеринин туристтик мүмкүнчүлүктөрү боюнча презентация жасап, «Кыргызстан – асман тоолорунун өлкөсү» жѳнүндѳгү видеоролик көрсөтүп, форумдун катышуучуларына маалыматтык материалдары таркатты.

Пикир

Оставить комментарий