• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткен облусунда абоненттерге акылдуу эсептегичтер орнотулууда

Аймак 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Баткен облусунда абоненттерге акылдуу электр эсептегич орнотулууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында жашаган обоненттерге жалпы 7008 даана акылдуу электр эсептегичтерди орнотулууда.

Алдыда "Кыргызстан улуттук электр тармактар" ААКтын өздүк эсебинен алынган бул акылдуу эсептегичтерди жалпы облус боюнча орнотуу пландалууда.

Эмне үчүн алар "акылдуу" деп аталат? Анткени бул эсептегичтер:

• реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчөрдү серверге автоматтык түрдө берет;
• чектен ашкан учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрөт;
• дебитордук карыз үчүн автоматтык түрдө өчүрүлөт жана төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кошулат;
• эсептегичтин иштешине сырттан тоскоолдук кылуу аракеттери жөнүндө автоматтык түрдө билдирет.

Эмне үчүн акылдуу эсептегичтер орнотулат? Себеби алар:

• үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылат;
• берилген электр энергиясынын сапатын жогорулатат;
• коррупцияны жоюуга жардам берет;
• электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактайт.

Пикир

Оставить комментарий