• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткен облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды, - деп кабарлайт КР ӨКМдин маалымат кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 22-декабрда саат 11:46да облус аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Баткен районунун Кыштут айылында 2,5 балл, Тунук-Суу, Кан, Сай жана Тескей айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий