• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Баткенде милиция кызматкерлерине зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча китептер таратылды

Коом 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Баткен облусунда милиция кызматкерлерине зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча даярдалган китептер тапшырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1-6-март аралыгында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Баткен облусунун аймагында иш сапарда жүрүшөт. Алар милициянын участкалык кызматкерлери жана балдар менен иштөө инспекторлоруна кесиптик деңгээлин жогорулатуу, үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу, зомбулукка кабылган аялдар менен балдарга жардам берүүнүн жолдору боюнча сабактарды өтүүдө.

Ошондой эле ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын демилгеси менен даярдалган «Зордук-зомбулукка кабылган аялдар жана балдар үчүн укук коргоо жана сот адилеттиги чөйрөсүндө негизги кызматтарды көрсөтүүнүн стандарттуу операциялык жол-жоболору» аттуу усулдук окуу китептери милициянын участкалык кызматкерлери менен балдар менен иштөө инспекторлоруна таратылып берилүүдө.

Бул иш-чара Баткен облусунун бардык райондорунда өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий