• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткен облусунун 6 шаарында таза суу боюнча ири долбоорлор ишке ашууда

Аймак 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Баткен облусунун 6 шаарында таза суу боюнча ири долбоорлор ишке ашууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облустун Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү жана Исфана шаарларынын калкын, ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана канализацияларды реабилитациялоо боюнча ишке ашкан ири долбоорлор аткарылууда.

Баткен шаарында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан, жалпы суммасы 5020 миң евролук долбоор жактырылган. Анын алкагында Таза суу ишканасы үчүн керектүү техникалар жана жабдуулар сатып алынып, Таза суу ишканасынын имараты курулуп бүткөрүлгөн. Ошондой эле Чет-Булак участкасында сыйымдуулугу 1000 куб метр болгон суу кампасы курулуп бүттү. Учурда суу эсептегичтер орнотулуп, 2021-жылдын май айына чейин долбоордун биринчи этабында белгиленген 2000 кожолукка толугу менен ичүүчу суу берилүүсү күтүлүүдө.

Кызыл-Кыя шаарында жалпы сметасы 7 млн 200 миң еврону түзгөн ЕРӨБ тарабынан каржыланган долбоор аткарылууда. Шаардын аймагындагы 16 көчөгө түтүктөрдү жаткыруу, суу кудуктарын орнотуу иштери бүткөрүлүп, 3 көчөнүн жумуштары 80%га аткарылып, долбоордун 1-этабы аяктоо алдында турат.

Сүлүктү шаарында жалпы узундугу 45,9 км түзгөн таза суу куурларын жаткыруу, траншеяларды казуу иштери боюнча долбоор Бүткүл дүйнөлүк банкы тарабынан жактырылып, долбоордун сметасы 4 млн АКШ долларды түзгөн. Учурда долбоордун 1-этабы 100%га аткарылып, 2020-жылдын декабрь айында “Сүлүктү-Таза-Суу канал” муниципалдык ишканасынын баласына өткөрүлүп берилди. Учурда 1500 кожолукка таза суу берилди. Долбоордун экинчи этабы март айында башталат.

Ал эми Исфана шаарында Европа өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, жалпы сметасы 5 млн еврону түзгөн долбоор башталган.

Бүгүнкү күндө, курулуш иштерин жүргүзүү үчүн техникаларды сатып алуу аракеттери көрүлүүдө. 2021-жылдын апрель айында жумуштар башталаары күтүлүүдө натыйжада Исфана шаары жана Чымген, Голбо айылдары толугу менен таза суу менен камсыз болот.

2026-жылга чейин пландалган Кыргызстандын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү программасынын алкагында, кошумча Кадамжай жана Айдаркен шаарларын да таза суу менен камсыздоо иш-чарасы кабыл алынып, тиешелүү жумуштар аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий