• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде бажычылар 7,5 тонна контрабандалык минералдык жер семирткичтерди аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. «Баткен» бажысынын кызматкерлери жалпы салмагы 7,5 тоннаны түзгөн контрабандалык жол менен ташылып келген минералдык жер семирткичтерди аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарында Ж.у.А. аттуу КР жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz 814 үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Унааны текшерүү учурунда жүк салуучу бөлүгүнөн жалпы салмагы 7500 кг болгон «Селитра» минералдык жер семирткичтери табылган. Жүк чектеш мамлекеттен бажы мыйзамдарын бузуу менен алынып келген.

КР Соода-өнөр жай палатасынын корутундусуна ылайык, кармалган товардын баасы 337 миң 500 сомду түзөт. Бул факты боюнча материалдар «Баткен» бажысында каралууда.

Пикир

Оставить комментарий