• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Баткенде мурдагы соттолгон адамдан курал табылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. Баткенде мурдагы соттолгон адамдан автомат, тапанча, бычак жана кара беткап табылган. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мурдаарак 32 жаштагы С.Н. аттуу жаран жылкы уурдагандыгы үчүн издөөгө алынган, ал эки жолу соттолгон.

“Аны кармоо иш-чараларынын натыйжасында ал шаардын үйлөрүнүн биринен табылган, тинтүү учурунда анын жанынан автомат, тапанча, бычак жана кара беткап табылган”,- деп билдиришти облустук милициядан.

Экспертизалар дайындалып, шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий