• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде “Өспүрүмдөрдү баңгиликтен сактайлы” аттуу иш-чара өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Баткен шаарында жаш өспүрүмдөр арасындагы баңгиликтин алдын алуу боюнча чоң иш-чара болуп өттү, - деп билдирет Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Бул иш-чара Баткен облусундагы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан демилгеленип, иш-чарага Баткен шаар аймагындагы мектеп окуучулары келип катышты.

Алгач баңгизатынын коомдогу терс көрүнүштөрү жөнүндө сөз болуп, окуучуларга түшүндүрмөлөр берилди.

Андан соң, Баткен ОИИБнын кинология кызматы кызматтык иттердин кылмыштуулуктун алдын алуудагы, катталган кылмыштардын бетин ачуудагы иш-аракеттерин көрсөтүштү.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин атайын багыттагы полкунун Баткен шаарындагы “Шумкар” өзүнчө ротасынын күжүрмөн ыкчам кызматкерлери күжүрмөн даярдык ыкмаларын көрсөтүп, мектеп окуучуларына дем беришти.

Мындан сырткары, окуучулар курал-жарактар, атайын техникалар менен таанышышты.

“Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери келген мектеп окуучуларына спорттук иш-чараларды уюштуруп, жеңүүчүлөргө грамоталарын тапшырышты. Ал эми Европада коопсуздук жана кызматташтык уюмунун кызматкерлери тарабынан мектеп окуучуларына белектер берилди”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий