• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенге контрабандалык жол менен 2 тоннадан ашык кир жуучу айна ташылып келген

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. Баткенге контрабандалык жол менен 2 тоннадан ашык кир жуучу айна ташылып келген. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда М.Д.Б. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz 310 үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан кир жуучу айналар табылган. Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес. Кармалган товардын жалпы салмагы 2020 кг, орточо базар баасы 400 миң 830 сомду түзөт.

Факт боюнча чогултулган материалдар Баткен бажысынын КККБ жана БЭБ бөлүмүнүн бажылык териштирүү секторунда каралууда.

Пикир

Оставить комментарий