• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Баткенге Оштон жардам жөнөтүлөт, борбордук штаб түзүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен Баткен облусуна гуманитардык жардам жөнөтүү боюнча иштер жүрүүдө.

Учурда Ош шаарынын мэриясы менен президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү биргеликте борбордук штаб түздү.

"Жергиликтүү бийлик тарабынан жардам чогултуу башталды. Баткен элинин учурда негизги муктаждыктарын (азык-түлүк, буюм, керектелүүчү каражаттар) жөнөтүүгө басым жасалат", - деп айтылат Ош шаардык мэриясынын маалыматында.

Эл тарабынан жардам берүүнү каалагандар борбордук аянтка (мэриянын алды) алып келсе болот. Байланыш үчүн: Сонунбек Жунусбаев 0559 850 191, Эрлан 0999 929 790

Пикир

Оставить комментарий