• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Базар-Коргон райондук акимиатынын коллегиясы өтүп, бир катар маселелер талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Кечээ, 1-мартта Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында коллегия болуп өттү. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациянын басма сөз кызматы билдирет.

Коллегияга райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери, токой чарбалардын директорлору, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын башчылары катышты.

Коллегияда райондун аймагында жазгы-талаа иштерине карата даярдыктардын жүрүшү, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын абалы, шаардык мэриясында, айыл өкмөттөрүндө "Санарип аймак" автоматташтырылган маалымат тутуму жана мекеме ишканаларда "e-Kyzmat", "Infodocs" электрондук документ жүргүзүү системасына кошулуу абалы жөнүндө маселелер каралды.

Пикир

Оставить комментарий