• 88.68
  • 95
  • 0.95

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев оор абалда реанимацияда жатат

Коом 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин абалы оор. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине президент менен өкмөттүн Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Александра Олексюк билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Шамшиев ноябрь айынын аягында ооруканага жаткырылган, ошол убактан бери реанимацияда. "Шамшиев оор абалда алынып келинген, бир жума мурда абалы жакшырган, бирок жакында абалы кайрадан оорлошо түштү. Азырынча бир нерсе деп айтуу кыйын, колдон келген жардамды көрсөтүп жатабыз. Так диагнозун айта албайбыз", - деди Олексюк.

Болот Шамшиев - кыргыздын чыгаан кинорежиссеру. 1941-жылы 12-январда Фрунзеде туулган. "Караш-Караш окуясы", "Ак кеме", "Бөрү зындан", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" ж.б. тасмаларды тарткан.

Пикир

Оставить комментарий