• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бир суткада өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Бир суткада өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бавсма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Биринчи май районунда жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 120 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Өзгөн районундагы Токтогул айылында жыгач устундуу тунуке жабылган турак үйдүн 99 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий