• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Биринчи май райондук сотунда Садыр Жапаровдун иши каралууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 6-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда судья Кенжебай Каиповдун төрагалыгы алдында Садыр Жапаровдун сот иши башталды.

С. Жапаровдун иши Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотуна 25-майда келип түшкөн.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров ушул жылдын 25-мартында кармалып, УКМК тергөө абагына алынып келген. Ал барымтага алуу, өлтүрөм деп коркутуу, бейбаштык кылуу, мамлекеттик кызматкерге зомбулук көрсөтүү беренелери боюнча айыпталууда.

2017-жылдын 26-мартында ага айып тагылган.

Тергөө аныктагандай, 2013-жылдын 7-октябрында Караколдо каршылык акциясына чыккандар ошол кездеги Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктүү өкүлү Эмилбек Каптагаевди «Фольксваген Венто» үлгүсүндөгү унаага күч менен салып, аны барымтага алышкан. Күбөлөрдүн айтымында, митингге чыккандарга С. Жапаров телефон аркылуу Э. Каптагаевди коё бербей, атайын түзүлгөн пландын негизинде иш алып барууга чакырып, түздөн - түз көрсөтмө берип турган. Милициялардын ыкчам иш алып баруусунун негизинде Э. Каптагаев барымтадан бошотулган.

Э. Каптагав күчтөп салынган унаа С. Жапаровдун тууганы Б. Куланбаевге таандык болгон. Ал кийинчирээк Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан колго түшүрүлгөн. Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий