• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек менен Сокулуктун айрым жерлеринде 20-23-август күндөрү көгүлтүр от өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 19.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкек жана Сокулуктун айрым жерлеринде 20-23-август күндөрү көгүлтүр от өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу газ төмөнкү жерлерде өчүрүлөт:

- 20-августта Сокулук айылынын Кайназарова, Фрунзе, Ош, Школьная, Москва, Ленин, Пионерская, Достук, "Жемчужина" бала бакчасы жана "Сейил" кафеси;

- 22-23-август күндөрү Бишкек шаарындагы Жантөшев 19 көчөсү.

Пикир

Оставить комментарий