• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мэриясы жарандардан көмүрдүн күлүн таштанды челекке ыргытпоону өтүнөт

Коом 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Бишкек мэриясы жарандардан көмүрдүн күлүн таштанды челекке ыргытпоону өтүнөт.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, көмүрдүн күлүн "Тазалык" муниципалдык ишканасы алып кетет. “Жарандар аны муздатып, каптарга салып, анан негизги таштандылардын жанына таштап коюулары керек”, - деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда күлдү таштанды контейнерине таштоого тыюу салынат. Анткени, күлдөн өрт чыгышы мүмкүн.

Мэрия жеке меш менен жылытылган юридикалык уюмдарды (мектептер, бала бакчалар, мончолор ж.б.) күлдү тазалоо үчүн атайын жабдуулары бар жеке компанияларга кайрылуусун жана "Бишкек санитардык полигону" менен келишим түзүүсүн суранат.

Пикир

Оставить комментарий