• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мэриясы: үзгүлтүккө учураган троллейбус линиялары калыбына келтирилди

Коом 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Бишкектин чок ортосунда үзгүлтүккө учураган троллейбус линиялары калыбына келтирилди. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн түштөн кийин Абдрахманов жана Киев көчөлөрү жакта линия үзгүлтүккө учурап, жүргүнчүлөрдү ташыган троллейбустар жолдо токтоп калган.

Буга чейин "Бишкек троллейбус башкармалыгы" ишканасынан троллейбус линиясын ким үзүп кеткендиги такталып жаткандыгын билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий