• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы жыл башынан бери 6,6 млн сом айып салган

Коом 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Күн сайын Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан шаардын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, бул жолу Бишкектин Пржевальск көчөсүндө жер иштерин алып барууда бузуу фактысы катталган. Жолдордогу ѳндүрүш талаптар тиешелүү деңгээлде аткарылбагандыгы үчүн КРнын «Бузуулар» кодексинин 1-бөлүгүнүн 119-1-беренесинин негизинде, жаран К.Ташкуловго 7 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынган.

"Өз кезегинде, санитардык-экологиялык инспекция тарабынан санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн жыл башынан бери 6 млн 605 миң сом айып салынган", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, көрктөндүрүү эрежелерин бузуу маселелери боюнча тѳмѳнкү телефон номурларына кайрылсаңыздар болот:

Свердлов району - 0551551745;

Октябрь району - 0505523832;

Биринчи май району- 0555404818;

Ленин району - 05542213.

Пикир

Оставить комментарий