• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек шаарынын мэриясы жаштар менен байланышты күчөтүүдө

Коом 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Борбор калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева Кыргызстан жаштарынын республикалык конгрессинин төрагасы Аскар Шайкидинов жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда борбор калаанын жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча биргелешкен пландар талкууланды, атап айтканда, жаңы түзүлгөн бөлүмдүн жаштар уюмдары, билим берүү башкармалыгына караштуу Шаардык лидерлер комитети жана Бишкек шаарынын мэриясынын Жаштар иштери боюнча консультациялык кеңеши менен өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү.

Белгилей кетсек, жаңыдан түзүлгөн Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти жаштар саясаты маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын күч-аракеттерин бириктирип, жаштарды өнүктүрүү, тарбиялоо, жашы жеткинчектердин арасында кылмыштуулуктун алдын алуу маселелерин чечүүдө өз ара аракеттенүү механизмин түзөт.

Маалымат үчүн: Шаардык лидерлер комитети окуучулардын өзүн-өзү башкаруу органы катары 2006-жылдан бери иштеп келет. 2019-жылы «Мектептин өз алдынча башкаруусу» жана «Шаардын жетекчилиги жөнүндө» жоболор кабыл алынган, алар шаардын окуучулар активисттеринин ишин системалаштырууга, алардын ишин түзүмдөштүрүүгө, мектептин мугалимдер жамааты жана муниципалдык органдар менен өз ара аракеттенүү жолдорун аныктоого мүмкүндүк берген.

Кошумчалай кетсек, 2019-жылы муниципалитеттин алдында иштер боюнча консультативдик кеңеш түзүлгөн. Түзүлгөн план боюнча мектеп окуучуларынын жана жогорку окуу жайларынын студенттеринин катышуусунда бир катар пайдалуу иш-чаралар аткарылды. Бирок 2020-жылдагы пандемиядан улам кеңештин иши убактылуу токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий