• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек шаарында түнкү клубдардын бири жабылды. Себеби

Коом 0

Бишкек, 06.05.24. /Кабар/. Бишкек шаарында келген коноктору синтетикалык баңгизат колдонгону үчүн түңкү клубдардын биринин иши токтотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте түнкү клубдарда жана оюн-зоок жайларында баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды сатуу жана колдонуу фактыларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүштү.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө түнкү клубдун конокторунан ар түрдүү белгисиз таблеткалар, ошондой эле жыты жок белгисиз суюк зат салынган бөтөлкөлөр табылып, алынган.

Клубга келгендердин өздүгүн ырастоочу документтерин текшерүүдө жогорку окуу жайларында окутуучу волонтер болуп иштеген чет мамлекеттердин жарандары экендиги аныкталган.

Баңгизатын колдонгон деп шектелген түнкү клубдун коноктору жана кызматкерлери Республикалык наркология жана психиатрия борборуна медициналык текшерүүгө жеткирилип, синтетикалык баңгизатын колдонгондорун ачык айтышкан.

Тергөө иш-чараларын жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн ички иштер органдарына клубдун администраторлору, тейлөө кызматкерлери жана коноктору жеткирилип, ал эми алынган заттар Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик экспертиза борборунун эксперттерине жөнөтүлдү.

Белгиленгендей, учурда түнкү клубдун иштөөсү токтотулуп, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат, жыйынтыгы менен түнкү клубдун ээсине карата процессуалдык чечимдер кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий