• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте 300 жарнама конструкциясы алынды

Коом 0

Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. Бишкекте 300 жарнама конструкциясы алынды, деп билдиришти муниципалитеттен.

Маалыматка ылайык, шаардын архитектуралык-көркөм эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнаманын жана маалыматтардын мамлекеттик жана адабий тилде текстик ченемдерине ылайык келтирүү максатында рейддер өткөрүлүүдө.

"Октябрь жана Свердлов райондорунда түзүлгөн комиссия мүчөлөрү МАБдардын өкүлдөрү менен биргеликте райондордун аймагында тышкы жарнамаларды, маалымат такталарын жайгаштыруунун жол-жобосу жана тартиби боюнча рейд өткөрүп, анын жүрүшүндө 300дөн ашык жарнама конструкциялары алынды", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин комиссия тарабынан шаардын эстетикалык көрүнүшүн сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилген.

Ленин жана Биринчи май райондорунунун адистери билдирүүлөрдү берүү иштерин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий